super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков: "КСДП президенттикке талапкер чыгарса, аны мураскер дебеш керек"

 

КСДП партиясы президенттикке кимди талапкер кыларын чече элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков 14-февралда радиолордун биринин түз эфиринде билдирди. Турсунбеков президенттикке мураскер даярдоого каршы экенин билдирип, ал эми КСДП жарышка талапкер чыгарарын айтты.

"Бирок КСДПнын атынан чыккан талапкерди "мураскер" деп атоо туура эмес болот. Бардык эле саясий партияларда өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн программалары, идеялары болот. Андыктан КСДПдан талапкер чыкпашы керек деп, партия чыгарган талапкерди "мураскер" деген жаңылыштык", - дейт Турсунбеков.

КСДП кимди талапкер кыларын партиянын съездинде чечери айтылды.

Эскерте кетсек, Кыргыз мамлекетинде келерки президенттик шайлоо 2017-жылдын күз айларында өтөт. Жарышка катышарын бүгүнкү күнгө карата Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев ачыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: