КҮНСЕРЕП: КСДП талапкер тандоодо интрига сактоодо
Бүгүн, 14-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго карата “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Текшерүүдө аныкталгандай, Музаффар Исаков Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 2010-2015-жылдар аралыгында 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Бул документтер боюнча баш-аягы 14 гектардай айдоо жери турак жай салууга берилип, бир катар жарандар ал жер тилкелерин 1,5 миңден 3 миң долларга чейинки баада сатып алышканын айткан. Дал ушундай маалыматты бүгүн Башкы прокуратура таратып, кылмыш ишин иликтөө УКМКга өткөрүлгөнүн билдирди. 315 жер тилкесин 1,5 миң доллардан эле эсептегенде 500 миң долларга жакын сумма чыгат. Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылган депутаттын өмүр баянына көз жүгүртсөк, 1982-жылы туулган Музаффар Исаков эмгек жолун 2001-жылы Таш-Булак айылында жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, андан ары мектеп директору да болуп иштеген. Ал эми Жогорку Кеңешке өткөн жылдын июнь айында айыл өкмөт башчылыктан секирик жасап келген. Парламентте активдүүлүгү менен деле өзгөчөлөнбөгөн, “балык” эл өкүлдөрүнүн катарын толуктагандардын бири. “Коррупция” беренеси оор кылмыш иши болуп саналат. Бул окуя Музаффар Исаковго мандатынан ажыроого алып келсе, анда тизме боюнча КСДПдан Канат Керезбеков мандат алат. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору болуп турган Канат Керезбекович ордун бошотууга макул болсо, анда кезек Икрамжан Илмияновго жетет. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири деп таанылган жана президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн Илмиянов “Супер-Инфого” берген маегинде “Мага баары бир деп кайдыгер басып кетүүгө болбойт. Андыктан саясатта болом” деп айтканы бар. Икрамжан Илмияновдун расмий саясатта болуу убактысы мына эми келип жеткендир...
Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёт. “Республика – Ата Журт” фракциясы бүгүн өткөргөн жыйынында ушундай чечимди бир добуштан кабыл алды. Өткөн аптанын жума күнү Бакыт Төрөбаев чоң казатка аттанарын жарыялаган. Кечээ Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов бийликтин командасынын атынан президенттик жарышка аттанат деген кабар чыгып, коомчулуктун мындай кабарга карата реакциясы кандай экени байкалды. Бабановдун президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялоосу күтүлүп жаткан окуя болгон үчүн фракциянын бүгүнкү чечими кадимки жаңылык катары кабыл алынды. Кулматовго байланыштуу кечээги маалымат дароо төгүндөлгөнүнө карабай, интернет баракчаларында көпкө талкууланып барып басылган. Мунун себеби, албетте, коомчулуктун бийлик президенттикке кимди алып чыгарына болгон кызыгуусунда. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген комментарийинде “талапкерди аныктоого дагы убакыт бар, азыр ага чейин чечиле турган иштер бар” деп айтканы бийликтин тегерегиндеги топтордун бир жыйынтыкка келе электигин билдирет. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун айтымында, КСДП президенттикке талапкер чыгарса, аны мураскер дебеш керек. Бийликтин командасынан ким талапкер болуп чыкпасын, анын күчтүүлүгү аталган партиянын электоратынын колдоосуна ээлиги болсо, ал эми алсыздыгы оппоненттер тарабынан "Атамбаевдин мураскери" деп сынга кабылуусу болот. Айтор, КСДПнын атынан чыкчу талапкер боюнча интрига бекем сакталып жатат...
Машинаны каттоо кыйындады. ЕАЭСке мүчө эмес өлкөлөрдөн Кыргыз мамлекетине алып келинген автоунааларды каттоодо 12-февралдан тартып кошумча эреже күчүнө кирди. Тагыраагы, союздан тышкары башка жактан алып келинген коопсуздук күбөлүгү жок машиналар мындан ары сыноо лабораториясынан өтүшү керек. Ал эми андай лаборатория Кыргыз өлкөсүндө жок. Өкмөт 1 айдын ичинде андай диагностикалык борбор ачылып каларын айтканы менен, коопсуздук күбөлүгүнүн баасы канча болору белгисиз экенин билдирүүдө. ЕАЭСке мүчө эмес өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды каттоого алуу нормасы Орусия, Казакстан жана Беларуста 2011-жылдан бери күчүндө, ал эми Кыргыз мамлекети аталган биримдикке 2015-жылдын август айында кирген. Нааразычылыктын келип чыгышы да ушунда, өкмөттүн машиналардын ээлерин 12-февралга 1 күн калганда гана каттоо боюнча кошумча эреже киргизиле турганын эскертип жатканында. Ал эми машина алуу-сатуу базарында абал күндөн-күнгө начарлоодо. Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭСке мүчө эмес өлкөлөрдөн 2014-жылы 106 миң 770 машина, 2015-жылы 2 миң 282, 2016-жылы 200 гана машина алып келинген. Европа, Прибалтика өлкөлөрүнөн жана Япониядан келген машиналардын саны барган сайын азайып, Кыргыз жерин Орусиядан чыгарылган автоунаалар каптоосу күтүлүп жатат...
кошулду



