super.kg logo

Чолпон Султанбекова: "Этникалык кыргыздарга жарандык алууда көмөктөшүү зарыл"

 

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-февралда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө миграциялык саясаттагы маселелер талкууланды. "Мекеменин башкы милдеттеринин бири – эмгек мигранттарына жардам берүү, үчүнчү өлкөлөргө кетип жаткан мигранттарга квалификациялуу көмөк көрсөтүү, алардын коопсуздугун жана укугун камсыздоо болуп саналат. Ошону менен бирге тышкы миграция деңгээлин ырааттуу кыскартуу максатында республикада жаңы жумушчу орундарын түзүү керек", -деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр миграциялык көзөмөлдүн жоктугунан чет жердеги мигранттардын так саны жок экенин айтты. "Этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу маанилүү маселе болуп саналат. Аларга жарандык алууда, ишке орноштуруу, турак жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөк пул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын так саны тууралуу маалымат жок", - деди ал.

Жыйынтыгында Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлеринин начар аткаруучулук тартибин, тактап айтканда, мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актыларды жана отчёт даярдоодогу жетишсиз ишин атады.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кызмат жетекчилигин өз милдеттерин жана Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы коюлган милдеттерди аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
14.02.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Афганистандагы кыргыздарды кочуруп келгилечи откондогу кар кочку болгондо ото боорум оруду аларды эстеп .
14.02.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Этникалык кыргыздарды колдойлу
14.02.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура, этникалык кыргыздарга көмөктөшүү керек. Кыргызга бир гана кыргыз күйөт.
14.02.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар кимдин тагдыры жашоосу бар дейличи бирок аларга ото кыйын экен жашоолору чынында кочуруп келиш керек акча керек болсо жардам берели жер болуп берсин мамлекеттен
14.02.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атам эки жылдан бери гражданство ала албай журотго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: