super.kg logo
  Саясат  

"Өлкөдө МАИчилердин 30-40 пайызы кызматтан бошотулат" дейт министр Абдулда Суранчиев

 

"Кыргызстанда Жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин 30-40 пайызы ээлеген кызматтарынан бошотулат". Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн жыйынында Ички иштер министри Абдылда Суранчиев билдирди. Айтымында, бүгүнкү күндө жол кырсыктары көп кайталанып жатат. Шаардын борбордук бөлүгүндө жол кыймылын көзөмөлдөөчү видеокамералар коюлду. Ал эми республиканын бардык аймактарында жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр боюнча аттестациялык комиссия иштеп жатат.  

“Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында МАИчилердин 30 пайызынан ашууну аттестациядан өтпөй калды. Жакында Ош жана Бишкекте аттестация жүргүзөбүз. Болжол менен инспекторлордун 30-40 пайызы сынактан өтпөй калгандыгы үчүн кызматынын бошотулат. Муну менен биз бул багыттагы кызматкерлерди сынактык негизде тандайлы деп жатабыз. Сынак массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат”,-деди Суранчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: