super.kg logo

ӨКМ: "Өлкө аймагында жума ичинде айрым жерлерде катуу кар жаап, суук болушу күтүлөт"

 

Өлкө аймагында жума ичинде абанын температурасы төмөндөп, суук болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"18-19-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -8-13, Сокулук районунда жана Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10-15 градуска жетет. Күндүз -2-7. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5-10, күндүз -5 градус суук болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8-13, күндүз -2-7 градус суук, Нарын облусунун тоолуу райондорунда түнкүсүн -20-25, күндүз -11-16 градус суук болушу күтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кун плюсовой болуп жыланбаштанып калдык эле кайрп суук башталат экен да...тогоолдор чыгып жатат го кайра эле жылыйт эми жазга аз калды..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: