Чемпиондор Лигасы: “ПСЖ” “Барселонаны” ири эсепте утту, “Бенфика” “Боруссиядан” күчтүү болду

















15-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында эки беттеш орун алды. Анын бири Париж шаарында, бири Лиссабондо болду.
"ПСЖ" (Франция) - "Барселона" (Испания) - 4:0
Голдор: Анхель Ди Мария (2 гол - 18-мүнөттө, 55-мүнөттө), Дракслер (40-мүнөттө), Эдинсон Кавани (71-мүнөттө)
Франциянын чемпиону өз үйүндө испандык "Барселонаны" кабыл алып, атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Биринчи мүнөттөрдөн тарта чабуулга ыктап ойногон француздук команда 1-таймда Тер Штегендин дарбазасына 2 голду жаратты. Оюндун экинчи бөлүгүндө Анхель Ди Мария менен Эдинсон Кавани айырмаланып, эсепти 4:0 кылышты.
“Бенфика” (Португалия) – “Боруссия Д” (Германия) – 1:0
Гол: Митроглу (48-мүнөттө)
Лиссабон шаарында "Бенфиканын" чабуулчусу Митроглунун жалгыз голу оюндун жыйынтыгын чечти. Коноктор канчалык аракет кылбасын үй ээсинин дарбазасына гол жарата алышкан жок. Немис командасынын чабуулчусу Обамеянг 58-мүнөттө пенальтиден жаза басты.
Бул командалардын ортосундагы жооптук беттештер 8-мартка белгиленген.
ПСЖ - Барселона. Чемпиондор Лигасы
Бенфика - Боруссия. Чемпиондор Лигасы

Т.Б. Воот это французкие поцелуй.))) "Париж шаарында француздар эротика жанрында унутулгус, тарыхта кала турган кино тартышыптыр. Кинонун башкы каармандары Кавани, Дима, Дракслер. Ал эми режиссеру Карим Бензема экен.)))).
Камп ноудагы ответный оюнду кутобуз.Реалга ийгилик
Убактылуу куйормандар табылдыбы?))))
Ал эми Дортмунддук Боруссияда шанс бар...