Темир Сариев: “Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргени туура кадам болгон”

“Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргени туура кадам болгон”, - деп 15-февралда өтүп жаткан форумда экс-премьер министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, азыр аталган биримдикке кирүү “туура же туура эмес” деп талдабай, кийинки өлкөгө пайдасы тие турган конкреттүү кадамдарды табуу керек.
“Биздин мамлекеттин ЕАЭБге кошулуусу тарыхый жактан дагы туура болгон. Өкмөт бажы биримдигине кирердин алдында кандай пайдасы бар экендиги тууралуу изилдеп чыккан”, - деди Темир Сариев.
Учурда “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталыштагы эл аралык форум өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

