Чаткал өнүктүрүү фондунун башчысы Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерине ири өлчөмдөгү пара берип жаткан учурда колго түштү
Бүгүн, 30-апрелде Чаткал өнүктүрүү фондунун башчысы О.Т. Жалал-Абад ОИИБинин тергөөчүсү Д.Тешебаевге 70 000 сом паралай сыйлык берип жаткан жеринен Жалал-Абад ОИИБинин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. Айта кетсек, Чаткал өнүктүрүү фондунун башчысы О.Т. менен башкы эсепчиси "2012-жылы фонддун казынасынан 239 000 сомду өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышкан” деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.