super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: "Унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү эрежесине кайтуу керек"

 

Өкмөттүн 30-апрелдеги жыйынында Ички иштер министри Абдулда Суранчиев "өлкөдө унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү эрежесин кайра калыбына келтирүү керек" деп билдирди. Министрдин айтымында, айдоочулук күбөлүк берүүдөгү көйгөйлөрдү да чечүү зарыл.

 

"Автомектептер зарыл болгон окуу материалдары жана керектүү жабдуулар менен толук камсыздалган эмес. Муну менен катар унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү калыбына келтирүү зарыл. Өлкөдө оң рулдуу унаалар абдан көп, алардын катышуусундагы жол кырсыктары жалпы автокырсыктардын көпчүлүгүн түзөт. Анан да жол кырсыгына кабылган же эрежесин бузгандарга айып пулду көтөрүү керек. Азыр ал өтө аз, айдоочулар оңой эле төлөйт да кайра эле эреже буза берет",- деди Суранчиев.  

 

Өз учурунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да жол кырсыктарынын көпчүлүгү оң рулдуу унаалардын катышуусу менен болот дегенге кошула турганын айтып, "бул маселени тез арада чечүү керек",- деп баса белгиледи.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: