super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ак-Таш айылынын эли ачка калган жок, биз көзөмөлдөп турабыз" дейт Чаткал районунун акими

 

Чаткал районунун Ак-Таш айылында эл ачка калбаганын бүгүн, 15-февралда Чаткал районун акими Канжарбек Эшалиев билдирди.

"Окурман SUPER.KG порталына "эл ачка калды" деп маалымат бергени чындыкка дал келбейт. Буга чейин айылдын эли азык-түлүктөрүн камсыздап алышкан. Анткени Чаткал өрөөнүндө айрым учурларда 5 айдан ашуун убакыт кыш болот. Ошондуктан айылдыктар кошумча азыктарды камдап алышат. Бүгүнкү күндө Ак-Таш айылында жол жабык. Электр энергиясы бар. Кырдаалды райондук администрация көзөмөлдөп жатат. Маалыматты берген айылдыктар мынчалыкка барбашы керек болчу", - деп билдирди район акими. Учурда район аймагында тоют боюнча да көйгөй жок экенин кошумчалады ал.

Эске салсак, окурман Элдик кабарга "Бизге ӨКМдан жардам керек! Электр жарыгы өчүп калды, ачка калдык" деп билдирген. Мындан сырткары бүгүн Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси "калың кардан улам 2 айыл аймакта 13 мектеп убактылуу жабылды" деп кабарлаган.

Район акиминин маалыматына ылайык, Ала-Бука-Чаткал жолу эртең кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
15.02.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аким мырза эмне дейт эл ачка калган жок биз көзөмөлдөп турабыз дейтго эмнени көзөмөлдөп турасаыңар кырылып калуусунбу курук сөз менен эмес ошол видео тартылган жерге барып мына мындай элдин абалы жакшы же жаман жолдор ачык жабык свет бар мына коргуло дегендей кылып жооп бербейби офисинде отуруп алып жооп бербей видеодо көрүнүп туратго кар көп жааганы ошончо кар жааганда электр зымдары жерге түшүп калса керек аким свет бар дейт билбейм кимге ишеничти......
15.02.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ватсаптан жоноткон видеодогу туура ушул убактагы корунушу бирок Ала бука Чаткал жолу жабык,ДЭУ болгон мумкунчулуктору менен иштеп жатат кар жаап жатканда аларга дай кыйынчылык болот.бугун эрте менен айыл окмот башчы да Ак таш айыл боюнча ошол жакта журот.
15.02.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалган суйлобо Канжар
zz2013zz түзөттү 2017-02-15 14:51:12
15.02.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элдин баары тен емесда кыйналганыда бар баары еле камдап албаса керек тамак ашын кардын корунушу эле айтып турат кыйналганын оюнан чыгарбаса керек
15.02.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суукта кыйналганынан айткандырда ач калдык деп чын эле жоктур тамак ашы.
15.02.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер эмнеге Бадыеванын интервьюсу жаны санда чыккан жок.
15.02.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
palina, саламатсызбы? Кийинки сандардан күтүңүз.
15.02.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirsapar, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
15.02.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак таштыктар мындай карды биринчи корбосо керек эле менимче. Аларда жылына эле уч метрге жететго кар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: