Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганынын 28 жылдыгына карата митинг-реквием өткөрүлдү (фото)
















Бүгүн, 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылып кеткенинин 28 жылдыгынын урматына Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында митинг-реквием өткөрүлдү. Ага ооган согушунун катышуучулары, курман болгондордун жакын туугандары, шаар мэри Албек Ибраимов, коомдук ишмерлер, студенттер катышышты.
Анда курман болгондор эскерилип, алар жасаган эрдиктер тууралуу сөз болду. Андан соӊ эстеликке гүлчамбарлар коюлду.
Ардагерлердин айтымында, эртеӊ менен согушта курман болгондорду эскерип, куран окулган. Ал эми митинг реквиемден соӊ борбор калаадагы кафелердин биринде чогулуп, бул күндү белгилерин айтып өтүштү.
Ооган согушунда курман болгондорго гүлчамбар коюлду
Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганынын 28 жылдыгы белгиленди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.