ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: 4 жыл мурун Челябинскке метеорит түшкөн



Метеориттин 23-февралда табылган калдыктары
Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 15-февралда Орусиянын Тюмень, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкорстан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн. Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде жарылган метеориттин толкунунан улам 1613 киши жабыр тартып, мамлекетке 1 миллиард рублга чейин материалдык чыгым алып келген.
НАСАнын маалыматы боюнча, диаметри 17 метр, салмагы 10 миң тоннадай болгон метеорит жердин атмосферасына секундасына 18 чакырым ылдамдыкта кирген. 32,5 секундадан кийин метеорит атмосферанын жогорку катмарында чачырап жарылган. Дал ушул метеорит жерге түшкөн асман телолорунун арасынан Тунгусс метеоритинен кийинки эле эң чоң деп саналат.
15-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.