super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бельгияга учуп кетти

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда расмий иш сапары менен Бельгия Королдугуна учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Визит алкагында Мамлекет башчысы Бельгия Королу Филипп, Европа Биримдигинин Төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын Төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз мамлекети жана Европа Биримдиги ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген.

Андан соӊ президент Алмазбек Атамбаев жумушчу визит менен Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына барып, ал жерде коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат. Конференция учурунда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель менен жолугат. Эки мамлекет башчылары Кыргызстан менен Германия ортосундагы алака-катыштардын маанилүү маселелерин талкуулашат, ошондой эле региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча ой-пикир алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: