ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: 183 жыл мурун "экология" терминин ойлоп тапкан табият таануучу жана философ Эрнст Геккель төрөлгөн
Мындан 183 жыл мурун, 1834-жылы 16-февралда германиялык табият таануучу жана философ, "экология", "филогенез", "питекантроп" терминдеринин автору Эрнст Геккель Потсдам шаарында туулган. Берлин, Вюрцбургск жана Вена университеттеринде медицина жана табият илимдерин окуган. 1958-жылы экзамен тапшырып, дарыгердин дипломун алган, бирок кийин эч качан бул тармакта иштеген эмес. Аны жаратылышты изилдөө, зоология жана микроскопиялык анатомия кызыктырган.Чарльз Дарвиндин идеялары ага чоң таасир берген. 1866-жылы "Организмдердин жалпы морфологиясы" аттуу китеби чыккан. 1874-жылы "Адамдын өнүгүшүнүн тарыхы" аттуу китебинде адамдын эволюциясынын көйгөйлөрү тууралуу жазылган. Геккель биринчи болуп жаныбарлар падышалыгынын генеалогиялык багын түзгөн.
1891-жылдан баштап Геккель эволюциялык теориянын философиялык аспектилерин иштеп чыгуу менен алектенет. 1919-жылы 9-августта Йене шаарында көз жумган.
16-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
kandaba92
16.02.2017. 10:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммммммммммммммммм жакшы эрнест Геккелге Экология үчүн рахмат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















