super.kg logo

Ысык-Көлдө айылдашын сабап, өлтүрүп алган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды

 

Ысык-Көлдө айылдашын сабап, өлтүрүп алган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2015-жылдын 15-май күнү саат 23:00 чамасында Тоң районунун айылдарынын биринде болгон. Анда 1996-жылы туулган М.Темирлан аттуу жаран көчөдө мас абалда А.Д. менен уруша кетип, аны катуу сабап койгон. А.Д. алган жаракатынан улам 17-майда ооруканада каза болгон.

Ишти Тоң райондук соту 2015-жылдын 11-декабрында карап, М.Темирланды Кылмыш-жаза кодексинин "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленген. Бирок бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочу апелляциялык сунуш менен облустук сотко кайрылган. Облустук сот М.Темирланды 12 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 жыл ото эле коп го. Аз беришсе болмок экен.
Ары жакта адам олуп атат. 12 жыл беришет уялбай. Ал да тигиндей болду мындай болду деп атып 7 8 жыл олтурат да эми. Тааныштары болсо 3 4 эле жыл.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: