Ош аэропортуна кончу учак тумандан улам Ташкентке конду
Бүгүн, 16-февралда Ош аэропортунун аймагы туман болгондуктан кээ бир каттамдар өз убактысынан кечигип жатты. Бул тууралуу аэропорттун директору Талант Исаков SUPER.KG порталына кабарлады.
"Эртең менен туман каптап, Москвадан учуп келе жаткан учак Ташкентке конгонго аргасыз болду. Эми алар кайра эле ошол учак менен Ошко келишет. Москвага уча турган учак да тумандын айынан абага көтөрүлө албай калган. Учурда туман тарады, каттамдар өз убагы менен учурулуп жатат", - деди Исаков.
Социалдык тармактарда колдонуучулар Оштон учактар учпай жатканын, учактын ичинде 3 сааттан бери отурушканын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurbek11

16.02.2017. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми тумандан деп жатышат го бираз сабырдуу да болойлу туугандар. Эрте учуп асманда бир нерсе болгуча кечираак учуп аман эсен барар жерибизге жетип алганыбыз жакшыго.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.