super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Бавария” өз талаасында “Арсеналды” ири эсепте утту, мадриддик “Реал” “Наполини” жеңди

 

16-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндар уланды. Анда “Альянц Арена” стадионунда “Бавария” лондондук “Арсеналды” кабыл алды. Ал эми Мадридде жергиликтүү “Реал” италиялык “Наполи” менен кез келди.

"Бавария" (Германия) - "Арсенал" (Англия) – 5:1

Голдор: Роббен (11-мүнөттө), Левандовски (53-мүнөттө), Алькантара (56-мүнөттө, 63-мүнөттө), Мюллер (88-мүнөттө) - Санчес (30-мүнөттө)

Мюнхендик “Бавария” менен лондондук “Арсенал” акыркы жылдары Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында бир канча жолудан жолугушкан. Анын бардыгында тең немис командасы жеңип, “Бавария” Арсен Венгер үчүн коркунучтуу түшкө айланган. Кечээки беттеш да дал ошондой болду.

Оюндун 10-мүнөтү өткүчөктү үй ээсинин жарым коргоочусу Арьен Роббендин алыстан узатылган соккусу таамай болду. Коноктор оюндун жарым сааты өткөндө гана чабуулдарга өтүп, пенальтиге ээ болушту. Алексис Санчестин 11 метрлик айып соккусун Мануель Нойер тоскону менен кошумча узатылган соккусуна даяр болгон жок. Эсеп 1:1.

Экинчи таймда талаада бир гана команда болду. Ал “Бавария”. Чабуул артынан чабуул койгон мюнхендиктер 10 мүнөттүн ичинде коноктордун дарбазасына 3 гол киргизгенге үлгүрүштү. Тьяго Алькантара 2 голдун ээси болсо, Роберт Левандовски бирди киргизди.

Алмашууга чыккан Томас Мюллер оюндун чекитин 88-мүнөттө койду. Эсеп 5:1.

"Реал" (Испания) - "Наполи" (Италия) – 3:1

Голдор: Бензема (18-мүнөттө), Кроос (49-мүнөттө), Каземиро (54-мүнөттө), Инсинье (8-мүнөттө).

Учурдагы Чемпиондор Лигасынын ээси мадриддик “Реал” өз үйүндө “Наполиден” күчтүү болду. Италиялык команданын чабуулчусу Лоренцо Инсинье оюндун башында эле гол киргизип, “Сантьяго Бернабеуну” бир канча мүнөттөргө тынчтандырды.

“Наполинин” сүйүнүчү узакка созулган жок. 18-мүнөттө Карим Бензема эсепти теңеди.

Экинчи таймда үй ээси бардык күчүн сарптап, эки голду киргизгенге жетишти. Жарым коргоочулар Тони Кроос менен Каземиро 5 мүнөт аралыгында айырмаланышты. Калыстын ышкырыгы 3:1 эсебин каттады.

Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 7-мартка белгиленген.






Реал Мадрид - Наполи. Чемпиондор Лигасы

Бавария - Арсенал. Чемпиондор Лигасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
16.02.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бавария ири эсепте утат деп ойлободум эле Арсенал кучтуу болчу
16.02.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ Арсенал ишеничти актабадынго стволунарды тазалагыла же жаны замбирек алгыла.
16.02.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USSRKG, бул жерде арсеналдын оюнчулары эмес тренер венгер куноолу. Аны тезинен пенсияга айдап салыш керек
16.02.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бавария 99% 1/4 чыкты.
16.02.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабария кыйын болгон менен финалга жетрей ыргып кетет дайым катуу келатып. кыбыраган кыр ашат болуп реал утат
16.02.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02,акыркы жолу 12,13 финалга чыккан, 14,15,16 жылдары Испаниялык адис машыктырган жана уч жолу жарым финалда Испан клубтарына утулуп калган, быйыл Бавария ЧЛды утат
KgEka түзөттү 2017-02-16 10:45:31
16.02.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KgEka, жакында Бейл чыгат Карвахаль айыгыптыр буйурса мына анан РЕАЛды коргуло
16.02.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Taku.14.02, буйруса сен айткандай болуп быйылда Реал утуп алсынчы
16.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Реал Реалдыгын корсотту дагы бир жолу.Кросстон гол куткон элем красавчик!!!
16.02.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ronaldo.99,кантсе да Бавариядан чыкканда,)) Немецтер ушундай кутбогондой футбол коргозуп коюшат.))
16.02.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KgEka,Ообада
16.02.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркпогула бабарияны атлетико ыргытат былтыркыдай
16.02.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02, Бавария ыргыгыдай ХХХ команда эмес. Немецтер ыргытып журбосун атлетикону?
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-16 11:40:11
16.02.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur1k,былтыр атлетико бабария барселонаны ыргыттыго хаха
16.02.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02, былжырабай жыл былтыркы. Топ тоголок болот суйру эмес тууган)
16.02.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur1k,акыл эсин жакшы элеби мен откон кеткенди далил менен айтып атам . Сага эчким суйру дей элек жакшылап окуп чык макул
16.02.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал уч гол мн эле чектелип калып жатат го
16.02.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azim14,Реал Бавария эместа)))
16.02.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барсанын фанаттарыга дагы кыйын болду
16.02.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал алга
16.02.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал Эми конокто 0:2 ойнойт же 0:1
16.02.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
конокто Наполи 2:3 Реал голдор Милик Гамшик Роналду Модрич Рамос
16.02.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туз эфир коро алган жокпуз эмнеге ктрк спорт жок баткенде
16.02.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арсенал бир гол урду уюндо 4 гол сайса утуп кетет
16.02.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алькантара мыкты ойноду, кантседа Барсадан чыкканда!
Каземиронун голу жынк болду .
16.02.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айттым беле Бавария Арсеналды далысына чейин айрыйт деп. Эмкиде Реалдыкын айрыйт.
17.02.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Псж 4:0 Барселона
17.02.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
толук кошулам.ренате санчеш заявкада жок беле корунбоду го
18.02.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барселона менен арсеналды сызып койо берсе болот эч кандай мумкунчулугу калбады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: