super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Туратбек Мадылбеков бүгүн, 30-апрелде Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары менен жолугушуу өткөргөнүн ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

 

Белгилүү болгондой, аталган конушка ичүүчү таза суу чыгарылган эмес, электр энергиясы менен толук камсыз боло элек. Бул көйгөйлөр депутаттар менен жолуккан жергиликтүү жашоочулар тарабынан айтылды. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин көчөлөр такталбай жатканын кошумчалашты тургундар. Муну менен катар конушка мыйзамсыз курулган турак үйлөр боюнча да сөз болду. Депутат Туратбек Мадылбеков бул маселеде карапайым элдин күнөөсү жок экенин баса белгилеп, "мындай баш аламандыкты уюштурган ошол кездеги жетекчилер жоопко тартылышы керек, ошондо гана мындай окуялар кайталанбайт" деди. 

 

Ал эми депутат Ирина Карамушкина бул боюнча өкмөт тез арада тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүзүп, элдин көйгөйлөрүнүн чечилишине жардам берүүсү керектигин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: