super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Башкы прокуратура Бакиевдерге тийиштүү мүлк боюнча кылмыш ишти козгоо себебин түшүндүрдү

 

Башкы прокуратура 9-февралда Бакиевдерге тийиштүү мүлктүн 2014-жылы аресттен чыгарылып, сатылышы боюнча мамлекеттик каттоо органына кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк Юридикалык илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев "Глобал Эдвертайзинг" ишканасынын кызыкчылыгы үчүн 2014-жылдагы соттун чечими болсо, эмнеликтен прокуратура капыстан эле бул ишке кызыкдар болуп калды? Эми прокуратура мүлктү камоону сурап жатат", - деп билдирген.

Бүгүн, 16-февралда башкы прокуратура кылмыш ишти ачуу себебин түшүндүрүп, аресттен чыгарылган мүлк каттоо үчүн 2,5 жылдан кийин берилгенин эскертти.

"Бишкектин райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы мүлктү аресттен чыгаруу боюнча чечими прокуратурага 2016-жылдын 24-августунда Бишкек мамкаттоо кызматы тарабынан маалым болду. Белгисиз себептерден улам каттоо үчүн документтер 2,5 жылдан кийин берилген. Мындан сырткары прокуратура кызматкерлери атайын соттук процесске катыштырылган эмес. Мыйзамга ылайык, соттук отурумга даярдык учурунда кызыкчылыгы бар органдардын баарына сот билдирүү таратышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин жүрүшү:

Прокуратура органдары тарабынан 2010-2012-жылдары “ЭлитДомСтрой” ишканасынын мүлкүнө, анын ичинде Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест коюлган.
2016-жылы Бишкектеги Биринчи Май райондук соту М.Бакиев, А.Елисеев, Е.Гуревич, М.Надель, С.Ким, У.Мелисбек жана У.Пактын иши боюнча чечим чыгарып, сот айыпталуучуларды эркинен ажыратуу менен бирге мүлкүнөн ажыраткан. Соттун бул чечимин 2017-жылы 11-январда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Бирок 2014-жылы Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун судьясы Н.Ж. прокуратура органдарына маалымат бербей туруп аталган экономикалык ишти караган. Ал “Глобал Эдвертайзенг” ишканасынын “ЭлитДомСтрой” ишканасына болгон доосун карап, жогорудагы объектти сатып алуу боюнча келишимди жокко чыгарган. Ошол экономикалык ишти кароонун алкагында прокуратура койгон арест дагы алынган.

Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун актылары жөнүндө прокуратурага өткөн жылы 24-августта маалым болгон. Андан кийин жогорудагы актылар мыйзамга каршы келери жана мүлктү каттабай туруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кат жиберилген. Ага карабай 2016-жылы Бишкек мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери соттук териштирүү жүрүп жатканын билип туруп жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү башка ишканага каттап коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: