Медетбек Айдаралиев: "Тышкы эмгек мигранттарынын саны 840 миңге чукул болууда"
Тышкы мигранттардын саны 840 миңге жакын болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.
Анын айтымында, эң көп мигрант Орусия мамлекетинде. "Орусия 663 миң, Казакстанда 113 миң, Кореяда 14 миң, Европада 20 миң жана Азия 20 миң мигрант бар", - деди ал.
Ошол эле учурда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров сырттан Кыргыз мамлекетине келе турган канча билдирме түшкөнүн сурады.
Медетбек Айдаралиев билдиргендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 165 билдирме түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

.