super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Токмок-автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетин модернизациялоо февраль айынын соңуда бүтөт

 

"Токмок-автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетин модернизациялоо – февралдын соңунда, ал эми "Кең-Булун-автожол" бекетин модернизациялоо эки айдан соң жыйынтыкталат. Ошондой эле жалпы республика боюнча бир катар өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иши активдүү жүрүүдө, аларды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына дейре жыйынтыктоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-февралда Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чекарасындагы өткөрүү пункттары менен таанышуу учурунда билдирди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловдун айтымында, "Токмок-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы объекттердин капиталдык курулушу 2016-жылдын сентябрь айында башталган. 2017-жылдын 13-февралында мамлекеттик комиссия аталган объектилерди пайдаланууга киргизилишин жактырып, ага катар жалданма компанияга аймакты көрктөндүрүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмө берилген. Учурда иштеги бардык кемчиликтер жоюлууда. Жакын арада эл аралык талаптарга ылайык курулган объект толугу менен пайдаланууга берилет. Бул өткөрүү пункту жеңил унааларга гана багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Токмок-автожол" өткөрүү пунктунун жанындагы жээктерди чыңдоо ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы "Токмок-автодорожный" өткөрүү пунктунун имаратын карап чыгып, модернизациялоодо жарандардын мамлекеттик чек араны уюшкандык менен кесип өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралгандыгын, мында аталган өткөрүү пункттарга карата негизги талап алардын ишиндеги ыкчамдуулук экендигин эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: