super.kg logo

АКШда "Иммигранттарсыз бир күн" акциясына катышкандар 1 күн жумушка чыгышпайт

 

АКШда, Вашингтондо, Колумбияда, Филадельфияда, Остинде, Техаста жана дагы башка ири шаарларда иммигранттар бейшемби күнү жумушка чыкпай, "Иммигранттарсыз бир күн" акциясына катышышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

"Дарыгерлерден, идиш жууган кызматкерлерге чейин иммигранттар. Алар АКШнын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү", - деп жазган "La Raza" Улуттук кеңешинин президенти Жанет Мергиа.

Ал эми АКШда белгилүү ашпозчу Хосе Андрес бул күнү өзүнүн кафелеринин көбүн иштетпей турганын айткан. Ага кайрылган жүздөгөн кызматкерлери бул акцияны колдоп жумушка чыкпай турарын билдиришкен. Ишкер аларды колдоо максатында уруксат берген.

"Биз баарыбыз биргебиз. Биз өлкөнү өнүктүрүү үчүн бири-бирибиз менен атаандашпай, чогуу иштешибиз керек", - деген ашпозчу.

"Иммигранттарсыз бир күн" акциясынын катышуучулары өзүлөрүнүн бул аракети менен иммигранттардын АКШнын экономикасында кандай чоң орду бар экенин көрсөтүп, президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясатына нааразылыгын билдиришет.

Эскерте кетсек, Дональд Трамптын мигранттар жана качкындар тууралуу буйругун Федералдык сот убактылуу токтотуп койгон. Бирок иммигранттар бул буйруктун жокко чыгарылышын каалашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: