Түркиялык басылма: Текебаев тууралуу маалымат Бишкектен алынган
"Депутат Өмүрбек Текебаев менен качкын президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту" деген маалымат Бишкектен алынганын Түркиянын "Ихлас" агенттигинин өкүлү 16-февралда "Азаттыкка" билдирди. Бирок маалыматты Бишкектен ким бергени айтылбайт.
Эскерте кетсек, буга чейин бир катар Түркия ММКлары Текебаев менен Бакиев Кипрде жолугушканын, анда Текебаев алдыдагы президенттик шайлоодо тополоң уюштуруу үчүн Бакиевден каржылык колдоо сураганын жазышкан. Бирок маалымат кайдан алынганын жазышкан эмес.
Текебаев өзү бул тууралуу комментарий бере элек. "Ата Мекендин" депутаттары бул ушак экенин, Текебаевди каралоо аракети жүрүп жатканын айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

