super.kg logo

Карганбек Самаковдун жактоочусу аны актоону өтүндү

 

Бүгүн, 17-февраль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин жана башкалардын иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Жарыш сөзгө чыккан Самаковдун жактоочусу Бакыт Асамудинов кардарынын күнөөсү далилденбегенин айтты.

"Карганбек Самаковдун иш-аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок. Мындан улам аны актоону өтүнөм", - деди Асамудинов.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялоо менен 19 жылга, анын баласы Кубанычбек Самаковду 18 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ошондой эле Искендербек Айдаралиев менен Игорь Чудиновду 11 жылга, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди 18 жылга жана башка кылмышка катыштыгы бар адамдарды 18 жылга чейин камоону өтүндү.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жактоочу сен анчалык жанталашпасаң деле акталат.Бул жөнөкөй эле саясий шоу экенин сен эле билбей калбасаң башкалар билет болсо керек.Элдин көңүлүн кулаган учактан ага түшкөн акчанын кандай бөлүнүшүнөн буруп алаксытуу эле амалы бийликтин
17.02.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясаттагылар бири да адам эмес экен,Кыргызстан учун канча жакшылык кылды, бардык мурастарыбызды юнеского каттатып кытайлык кыргыздар талашкан улуу Манас эпосун да алып берди коро албагандар ушуну кылып жатышат!!!
17.02.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чудинов баягыда шайлоодо журот эле го,аны кармабаптырбы.
17.02.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бүгүнкү бийликтин куулугу да чогуу иштешкен жакындары миллиондорду жеп киши олтүрсө да эч нерсе болбойт.Качан гана оппозицияга отүп кетсе же бөлүшпөй койсо эле койчо баса калышат
17.02.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажонун козун май басты. Иса Омуркуловду жер сатты деп кылмыш ишин козгоп, Кайра лидер кылып койду, жанторо Сатыбалдиевди 6 млрд сомдун дайнын билбейт деп, премьер министр кылып иштетти... Карганбек байкенин кыргыз элине жасаган жакшылыктарына коз жумуп эмне тытынып жатат?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: