Өткөн суткада 8 өрт кырсыгы катталып, балдардын шоктугунан сарайдын чатыры, 100 түк беде күйгөн
Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, Республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 17-февралда кабарлады.
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын, Чие айылындагы Көкөмбий көчөсүндөгү үйдө ачык аянтта 3 тонна чөп күйгөн. Өрттүн чыккан себеби такталууда.
Ноокен районундагы Ынтымак айылынын Ленин көчөсүндө 32 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры, 100 түк беде күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.