Асылбек Жээнбеков Талас облусунан келген "Талас эл ынтымагы" кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту
Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде Талас облусунан
келген "Талас эл ынтымагы" кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда кыймылдын өкүлдөрү Жерүй жана Талды-Булак алтын кендерин иштетүүгө тыюу салуу талаптарын айтышты. Төрага А.Жээнбеков
Жогорку Кеңеш ар кайсы тармактагы коррупцияны жоюуга багытталган иштерди жүргүзүп жатканын айтты.
Автор: Автандил Добулбеков
"Калктын кендерди иштетүү жана экологиялык кесепеттер үчүн кооптонуусу өткөн жылдары бул тармакта орун алган коррупциялык схемаларга жана иш жүзүндө көзөмөлдөн сырткары калган иштетүүлөргө байланыштуу келип чыккан. Кендерди иштетүүгө таптакыр эле тыюу салып коюу да туура болбойт. Тоо-кен өнөр жайы өлкө экономикасынын эң башкы багыттарынын бири болуп саналат. Кендер иштетилиши керек, ансыз биз эмгек мигранттарынын өлкөсү бойдон калабыз",- деди төрага.
Талас облусунун өкүлдөрү аймактагы андан башка да социалдык-экономикалык көйгөйлөргө, тагыраак айтканда, чек ара, мектептерди куруу, билим берүү мекемелерин оңдоо, айыл чарба өндүрүмдөрүн сатып өткөрүү маселелерине токтолушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

