super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Токтогул районунда болгон кырсыкта 3 аял, 1 эркек каза болуп, 1 жүргүнчү жандандыруу бөлүмүндө

 

Бүгүн, 17-февралда саат 9:30 чамасында Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында болгон жол кырсыгынан 3 аял, 1 эркек киши каза болуп, 1өөсү ооруканада. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Патрулдук милиция кызматынын ага лейтенанты Замир Иманбеков билдирди.

"Бишкек-Ош жолунун 276-чакырымында В 3592 АР мамлекеттик номериндеги Mersedes-Benz 230 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып, Бала-Чычкан суусуна түшүп кеткен. Жыйынтыгында унаа көпүрөнүн бетонун сүзүп, ичиндеги 3 аял, айдоочу каза болду. 1 жүргүнчү учурда жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Замир Иманбеков.

Маалыматка ылайык, жолдогу бурулуш тууралуу жана ылдамдыкты көрсөтүүчү белги бар. Каза болгондордун өздүгү тактала элек. Болжолдуу түрдө алар 20 жаштан 35 жашка чейинкилер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жандары жаннаттан жай алсын. Жакындарына сабыр берсин. Кырсык деген, каш кабактын ортосунда да. Башкаларга да сабак болсо экен. Унааны катуу ылдамдыкта айдоону токтотуп,жол эрежесин сактоону уйронушсо жакшы болот эле.
17.02.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жердештерим экен.
17.02.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
акырын эле айдаса болмок экен. Кудай бейишине алсын!
17.02.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жандары жаннаттан жай алсын Кудайым Кыргыз элимди боодо кырсыктан сакта
18.02.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдагы эң коптуу жер ушу жерда, ушу жерден канча деген адамдар авария болушту.((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: