Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурада сурак берди
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурада сурак берди. Бул тууралуу 17-февралда "Ата Мекен" фракциясынан билдиришти. Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгына байланыштуу көрсөтмө берген.
Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев Кипрден президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу маалымат тапканын, бул боюнча тийиштүү документтер топтолгондон кийин коомчулукка расмий жарыялай турганын билдирген. Ал эми президент бул маалыматты териштирүү үчүн Башкы прокуратурага тапшырма берген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-4

