Кара-Суу районунда 24 жаштагы тургун 1 кой уурдаганы үчүн кармалды
Кара-Суу районунда 24 жаштагы тургун 1 кой уурдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-февраль күнү милиция кызматкерлерине 58 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам короосундагы бир баш койду уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы О.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.