super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эртең өлөрүңдү билсең, бүгүн эмне кылмаксың?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эртең өлөрүңдү билсең, бүгүн эмне кылмак элең?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эртеңди билбей эле кете берген жакшы го. Эгер билсең, ойлоно берип, эртеңкиге жетпей эле кете беребиз го".

"Эртең эмес, балким, бүгүн акыркы күнүмдүр" деп жашаш керек. Эртең эмес, бир мүнөттө эмне болуп кетерин эч ким билбейт".

"Мындай нерселерди ойлоно берсеңер, эрте карыйсыңар".

"Кудай сактасын. Эгер эртең акыркы күнүм болсо, ата-энемдин, бир туугандарымдын жана сүйүктүүмдүн жанында болот элем".

"Эртең акыркы күнүң десе, бүгүн айылыма учуп жетмекмин. Эмнеси болсо да, өзүм туулуп-өскөн, тоо арасындагы кичинекей айылымдын абасынан бир жутуп, анан жаным чыгып, жүрөгүм сокпой калса арман болбос эле. Бөлөк эл, бөтөн жер жүзү тааныш, жүрөгү алыс жерге жападан жалгыз жатып өлгүм келбейт".

"Демек, ажалым жетиптир да, ээ, Кудай, али көп максаттарым бар эле, балалуу да боло элекмин, мейли, баласыз өлгөнүм жакшыдыр жетим калтырбай, күнөөлөрүмдү кечир" деп Кудайга жалынып, бир сыйра интернетке кирип, жакындарга досторго коштошуу сөздөрүмдү жазып , аккаунттарымдын баарын жаап салмакмын".

"Жуунуп-тазаланып, тырмак-чачты алып, таранып, баарынан кечирим сурап, үйдү жыйнап, төркүнгө бир-эки саатка барып келмекмин. Ошондой эле балам кийин окусун деп кат жазмакмын да, баламды өпкүлөп, эркелетип жакшы тамак кылмакмын деп ойлонуп койдум. Бирок чыныгы жашоодо "балам эмне болот?" деп ыйлап эле отуруп калсам керек".

"Апакемдин кучагында түнөмөкмүн. Бирок менин жамандыгымды апакем көрүшүн каалабайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир күндө үч жолу өлүмдү эстеп тур дешетко
17.02.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир кундон эмнени кыйратмак элен...
17.02.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен даарат алып,жаным чыккыча куран окуп,келме келтирип.Аллахтан куноолорумдун кечирилишин суранып отурмакмын...
18.02.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эртен олушумду билсем намаз окуйт элем тообо кылат элем дешет... ошол олум келгенче эле кыла берсе болбойбу же сосуз олушун билгенден кийин намаз окуп теспе тартып калыш керекпи...олум баары бир келе турган нерсего....аалымдар айтат олумдон коркпо олумго даяр эместигинен корк деп
18.02.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деген келме келтирип журом постоянно. Аллах ар дайым оозуман тушпойт. Бир нерсени баштаарда биссимиллда деп баштайм. И еще Алланын буйругу менен деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: