super.kg logo

Нарында жаз айларында күтүлүүчү суу ташкындарынын алдын алуу иштери башталды

 

Нарында жаз айларында күтүлүүчү суу ташкындарынын алдын алуу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин жаз айларындагы күтүлүүчү суу ташкындардын, сел каптоолордун алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында тийиштүү кызматтарга облустук өкүлчүлүктөн тапшырмалар коюлган.

"Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилиги менен облустук жарандык коргонуунун атайын машыгуусу өткөрүлдү. Машыгууда жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик жана атайын техникаларынын даярдыгын карап чыгышты. Иш-чаранын жыйынтыгында кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн тапшырмалар берилди. Мындан сырткары Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорундагы техникалардын даярдыгын текшерүү иштери жүргүзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: