super.kg logo

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишин сынга алды

 

Бүгүн, 17-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2016-жылдагы январь-декабрь айларындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча отурум өттү. Анда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова министрликтин ишин сынга алып, дагы бир топ жумуштарды аткаруу зарылдыгын, текшерүү иштерин дыкат жүргүзүү керектиги тууралуу сөз айтты.

"Бир нерсе болсо кетип калам дебей, кеткенге чейин да жакшы иштерди жасап кетиш зарыл. Ата-энесиз калган балдар боюнча сүйлөсөм, денем дүркүрөп кетип жатат. Статистика бердиӊер, 17 бала камкордукка берилген деп. Бул силер трибунадан туруп алып айтылчу чоӊ жетишкендик эмес. Качан кыргыз баласын жетим балдар үйүнө таштачу эле. Акча жок эмес, бар. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан аларга азыртан кам көрүп, туура тарбия, билим берүү зарыл. Андыктан фостердик (кабыл алуучу) үй-бүлөлөрдү өнүктүрүү, акча бөлүп берүү зарыл. Ушул жылы фостердик үй-бүлөлөр боюнча мага көрсөткүчтөрдү көрсөтүшүӊөр керек", - деп талап кылды Султанбекова.

"Бир бала тууралуу маалымат басылмаларга чыкса, баарыбыз баса калабыз. Эмне үчүн ушундай болуп жатат деп ойлонбойбуз? Суицид, зомбулук, тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатат. Андыктан бул жаатта да ойлонушуӊуздар керек", - деп, вице-премьер-министр Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакуновага аймактарды кыдырып, элдин абалы менен таанышып келүүнү же жардамчыларын жибериши керектиги тууралуу кеӊеш берди.






Чолпон Султанбекова министрликтин ишин сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонушунуздар
17.02.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура,иштениздер! Иштейм деп келген сон, иштеш керек. Эртенки куну, атыныздар эл оозунда кала тургандай эмгек кылып калыныздар! Дунуйо топтоп алып, кучактап жата бербей. Омур бою туркук болуп эч ким калбайт. Жакшы иш жасасаныздар атыныздар калып, кийинки муунга улгу болосуздар!
Gul14kA түзөттү 2017-02-17 22:23:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: