ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: 119 жыл мурун "Феррари" компаниясын негиздеген италиялык конструктор Энцо Феррари төрөлгөн
Мындан 119 жыл мурун, 1898-жылы 18-февралда италиялык конструктор, автожарышчы жана жеке ишкер, айтылуу "Феррари" компаниясын жана ошондой эле аталыштагы унаа жарыш командасын түптөгөн Энцо Феррари Модена шаарында туулган.
Энцонун автоспорттогу дебюту Parma-Berceto жарышында 1919-жылы болгон. Э.Феррари 1929-жылы жарышуу үчүн унааларды жасап жана жарыштарды уюштуруучу "Scuderia Ferrari" спорттук коомун негиздеген. Башында ал жарышуучу унааларды гана, кийин спорттук унааларды жасап ийгиликке жетишип, атактуу болгон. Э.Феррари 1988-жылы 14-августта Италиянын Маранелло шаарында көз жумган.
18-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















