ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: 544 жыл мурун астроном, математик жана экономист Николай Коперник туулган
Мындан 544 жыл мурун, 1473-жылы 19-февралда польшалык белгилүү астроном, математик, экономист Николай Коперник Польшанын Торунь шаарында туулган. Ал Птолемейдин Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү системине ишенбөөчүлүктү пайда кылган. Анын гелиоборбордук системинде (байыркы гректерде Гелиос – Күн Кудайы болгон) Ааламдын борборунда Жер эмес, Күн жайгашкан.
Коперник астрономиянын илим катары кубаттуу өнүгүшүнө түрткү болгон жаңы көз карашты түзүүгө жасаган улуу кадамына чейин астрономияга кызыккан окумуштуулар асман кубулуштарына кайрадан жаңы түшүнүк берүү үстүндө аракет кылышкан. Чиркөө Птолемей теориясын колдогондуктан Коперниктин идеяларына тыюу салган. Коперникти аябай коркуткандыктан, ал теорияларын жайылтуудан тартынган. Акыры Коперник өзүнүн улуу ачылыштарын белгилүү "Асман сферасынын айлануусу жөнүндө" китебинде баяндаган. Бул китептин жарык көрүшү көптөгөн талаш-тартыштарды пайда кылат, Ааламдын чыныгы табияты жөнүндөгү ой жүгүртүүлөргө алып келет. Коперниктин китеби 1543-жылы чыккан. Бул китеп анын бүт эмгегинин жыйынтыгы болгон. Н.Коперник 1543-жылы 24-майда Фромборк шаарында көз жумган.
19-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.