Чоң-Алайда кар көчкүнүн астында калып каза болгон 3-4-класстын окуучулары бир тууган болушкан

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 2017-жылдын 19-февралында саат 05:30дар чамасында кар көчкү түшүп, натыйжасында 2 турак үйдү басып калган.
Бир үй-бүлөдөгү 6 адамды жергиликтүү тургундар аман-эсен куткарышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Ал эми экинчи үйдө 6 адам болгон, алардын 4өө куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлүп, экөөнүн өмүрүн сактай албай калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каза тапкандар:
- Ш. уулу К. 3-класстын окуучусу, сөөгүн саат 11:00дө табышкан.
- Ш. кызы Б. 4-класстын окуучусу, сөөгүн саат 11:40та табышкан.
"19-февралда саат 13:00дө министрликтен 1 бөлмөлүү 2 даана мобилдик турак жай жана гуманитардык жардамдар бөлүндү", - деп жазылган министрликтин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
1

Ата-Энеси сабыр кылыныздар бул да болсо сиздерге Аллах тарабынан сыноо сынбаныздар кайрат кылыныздар жакшы бактылуу кундор алдыда ин ша Аллах