super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "АКШнын базасын өлкөдөн чыгарууну айтканыбыздан кийин гана Азимжан Аскаровдун маселеси козголду"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 17-февралда "Евроньюс" телеканалына интервью берди. Анда президент укук коргоочу Азимжан Аскаров, коррупция жана келерки президенттик шайлоо тууралуу сөз кылды.

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндө маселе АКШнын базасын өлкөдөн чыгаруу айтылгандан кийин козголгонун белгилеп мамлекет башчы төмөнкүлөрдү билдирди:

"Соттун чечиминин мыйзамдуулугу шек жаратып жатса, Нью-Йорк менен Брюсселде отурганга караганда соттук отурумдарга катышкан туура болот беле. Биз кызыкдар болгондорду БУУдан чакырганбыз. Кээ бир күбөлөр гана жабык эшик артында суралбаса негизи соттук отурум ачык өткөрүлгөн. Кандай болгон күндө да сот чечим кабыл алды. Биз башка мамлекеттердей эле сотту сыйлашыбыз керек. Биздин өлкө дагы Европа биримдигиндеги мамлекеттердей, АКШ сыяктуу эле сыйга татыктуу да. Өзүм 15 жылдан бери оппозицияда жүрүп Аскаров деген укук коргоочу, журналист бар экенин укпаптырмын. Биз АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу маселесин көтөрүп чыкканыбызда Аскаров тууралуу маселе козголду. Муну саясатташтырылган десек болот. Азыркы тапта Аскаров соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга кайрылып жатат, каалоочулар келип катышса болот", - деди.

Журналисттин Кыргыз жеринде Аскаровдон башка маанилүү көйгөйлөрү бар, алардын бири коррупция. Коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргыз Республикасы 176 мамлекеттин арасынан 136-орунда турат дегени боюнча: " Бул деле саясатташкан чечим деп ойлойм. Биз акыркы жылдары коррупция менен жигердүү күрөшүп жатабыз. Өлкөбүздө мунай заты, газ жок, бирок коррупция менен күрөштүн алкагында бюджеттин киреше бөлүгү үч эсеге көбөйдү. Мындан улам биз мугалимдердин айлык маянасын 4 эсеге, дарыгерлердин маянасын 3 эсеге көбөйттүк.. Коррупцияга каршы күрөштөн кийин 7 миңдей жооптуу кызматтагыларга кылмыш иши козголду", - деди мамлекет башчы.

Орусия президенти Владимир Путинди кыргыз жерине сапары жана быйыл өтө турган президенттик шайлоо тууралуу:

"Өлкөбүз коңшулардан толук көз каранды болгон учурлар болгон. Бирок бүгүн таптакыр башка мамлекетпиз, Путин башка маселелер боюнча барат. Эки тараптуу кызматташтык боюнча талкуулай турган маселелер бар. Кыргыз Республикасынын президенти ким болорун Москва же Вашингтон эмес, Кыргыз эли өзү чечет. Ишенип коюңуз, бүгүн мурункудан башка мамлекетпиз, элибиз да башка. Өзүбүздүн маселени өзүбүз чечебиз", - деди Атамбаев.






Атамбаев коррупция, Азимжан Аскаров тууралуу маек берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: