ӨКМ: "Бүгүн Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери башталат"

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолунда бүгүн, кар көчкүнү атайлап атып түшүрүү иштери башталмакчы. Ошондой эле көчкүнү атып түшүрүү аракети Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда да жүргүзүлөт.
"Буга чейин коркунуч жараткан аймактарда кар көчкүнү атып түшүрүү аракеттери Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 101-102-105-106-чакырым аралыктарында 19-февралда жүргүзүлүп, 26 снаряд атылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.