super.kg logo

Чоң-Алайдагы Жаш-Тилек айылындагы кар көчкүдөн жаракат алган 8 адамдын абалы жакшы, 2өө баштарынан жаракат алган

 

19-февраль күнү саат 05:30 чамасында Чоң-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылында 2 турак жайдан тышкары 3 сарайды кар көчкү басып калган. Буга чейин маалымдалгандай, Кулубаев Абдысатар аттуу жарандын үй-бүлөсүндөгү 6 адам куткарылып, аймактык ооруканага жеткирилишкен. Эшенкулов Шербото аттуу жарандын үйүндө 6 адам болгон алардын 4өө куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлсө, 2006-жылкы Караматулло Шерматов , 2007-жылкы Бактыгүл Шерматова кар астында каза болушкан.

"Аймактык ооруканага жаткырылган 10 жарандын 8инин абалдары жакшы, ал эми 2 жаран баштарынан жаракат алышкан. Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 300дөн ашык айыл тургундары тартылган. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 25000 метр кубду түзгөн. Материалдык чыгымдар такталууда", - деп жазылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

Мындан сырткары, Абсатар Кулубаевдин 7 бодо малы жана 22 кою, Шербото Эшенкуловдун 1 бодо малы, Жалалдин Топчубаевдин 1 бодо малы 40 кою жана 1 эшеги кар алдында калып өлгөн.

20-февралда атайын жөнөтүлгөн ыкчам топ буйруктун негизинде иш алып барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: