super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2017: Сапар Исаков менен Темир Сариев бир көрсөткүчтө

 
Чубак Жалилов
Адахан Мадумаров
Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Текебаев
Сапар Исаков
Темир Сариев

SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.

Сурамжылоонун 6-февралдан 20-февралга чейинки айлампасында алдынкы бештикте кескин өзгөрүү болгон жок. Мурдагыдай эле алдыда Чубак Жалилов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев. Алдыңкы бештикти жакында гана президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Сапар Исаков менен экс-премьер, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жыйынтыкташты. Президенттик шайлоо жакындаган сайын КСДП кимди талапкер катары алып чыгары көпчүлүккө кызыгуу жаратууда. Ушундай учурда коомчулуктун реакциясын сынаган окуя орун алды. КСДПнын атынан президенттик жарышка Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов талапкер болот деген маалымат тарады. "Кулматов талапкер болот" деген маалыматты КСДП тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок. “Партия талапкер боюнча чечим чыгара элек” деген жооп менен чектелишти. Коомдо Кулматов деген вариант жапырт колдоо таппасы белгилүү болду. "Президенттикке татыктуу" деген пикирлер дээрлик болгон жок. Кубанычбек Кулматов учурда 54 жашта, белгилүү мамлекеттик ишмер Кеңеш Кулматовдун уулу. Көп жылдар бажы тармагында иштеп, 2010-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген. Чүй облусунун башчысы, Бишкек шаарынын мэри болуп да иштеген. Бийликке ыңгайлуу фигура болгону менен Кулматов калктын арасынан калың колдоосу бар, республикага таанымал саясий лидер эмес. Бийликтин талапкеринин такталышы сурамжылоодогу көрсөткүчтөргө өзгөрүү киргизүүсү ыктымал.

Жарышка катышарын расмий билдирген Өмүрбек Бабанов да алдынкы бештикте ишенимдүү баратат. Соңку эки апта аралыгында Темир Сариевдин рейтинги көтөрүлдү. Сариев шайлоого катышарын расмий жарыялагандан кийин колдоочулары көбөйгөнү байкалууда. Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин биримдигинен кимиси талапкер катары чыгары азырынча чечилбей, бул биримдикти колдоочулардын добуштары учурда үчкө бөлүнүп турган чагы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: