super.kg logo

Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн турак жайы жабыркаган эки үй-бүлөгө 50 миң сомдон берилет

 

Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн каза болгон өспүрүм балдардын сөөгү бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу 20-февралда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чоң-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылында кар көчкүдөн каза болгон 2006-жылкы Караматулло Шерматов менен 2007-жылы туулган Бактыгүл Шерматованын сөөгү бүгүн, саат 11:00дө жерге берилет. Өспүрүмдөрдүн сөөгүн жерге берүү зыйнатына жергиликтүү айыл аймактын башчылары, район акими катышат. Балдары каза болгон үй-бүлөгө жана турак жайы жабыркаган 1 үй-бүлөгө Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 50 миң сомдон 100 миң сом жардам берүү чечими кабыл алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандарга жергиликтүү айыл аймактан жылуу кийимдер берилген. Эске салсак, буга чейин Чоң-Алай айыл аймагында 2 турак жайды жана 3 мал сарайды кар көчкү басып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 мин сом коп эмесби урматтуу окулчулук??? Тообо ал несине жететкен а?
20.02.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Галмамат Анапияев үй берсе болот.
21.02.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 мин мн алдап кутулабыз депсинерда, жерге берууго аран жетет, а уйду кайдан табат алар, Алманбетти жеп тындынар, ал тируу болгондо булар уйлуу болуп калмак, элге пайдасы тийгенди эмес зыяны тийгенде кырып жок кылсанар кана аттин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: