Премьер-министр кар көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү




Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 20-февралда чукул кырдаалдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун билдиришинче, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн 3 адам каза таап, Чоң-Алайда эки үй-бүлө турак жайсыз калды. Азыркы учурда Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Чаткал райондорунун, Өтмөк ашуусунун, Каракол-Эңилчек, Бишкек-Нарын-Торугарт трассаларынын кооптуу аймактарында кар көчкүнүн алдын алуу иштери жүрүп жатат. Өкмөт башчы жол тазалап жаткан техникаларды убагында күйүүчү май менен камсыздоо, бул ишке акчаны өз убагында бөлүү тапшырмасын берди. Кар көчкүлөрдүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүү зарылдыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.