super.kg logo

Гитлердин согуш маалында колдонгон телефону аукциондо 243 миӊ долларга сатылды

 

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Адольф Гитлер колдонгон телефон Америкада өткөн аукциондо 243 миӊ долларга сатылды. Бул тууралуу ВВС кызматы бүгүн, 20-февралда жазып чыкты.

Сатып алуучунун аты аталбайт. Гитлердин ысымы түшүрүлгөн кызыл телефон анын Берлиндеги жер астындагы бункеринде 1945-жылы табылган. Германия багынган соӊ советтик аскерлер телефонду сувенир катары британ офицери Ральф Рейнерге беришкен.

Аукциондун уюштуруучуларынын айтымында, телефон "массалык жок кылуунун куралы" болгон. Себеби ушул аппарат аркылуу Гитлер согуш учурунда миллиондогон курмандыктарга алып келген буйруктарды берип турган.

Мындан сырткары аукциондо дагы бир Гитлерге тиешелүү овчарканын фарфор статуэткасы 24 миӊ 300 долларга башка бирөөгө сатылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.02.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы ошондой эле чачкысы
келсе,карылар уйуно жээ балдар уйуно берип батасын
алса чоон сооп болмок.
Parish түзөттү 2017-02-20 13:29:19
20.02.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам динин кабыл алганда мындай ысырапкорчулукка барбайт эле,аттиң канкор гитлердин телефонун ушунча акчага алып, аттиң, акыртте бармагын тиштейт го байкуш, андан көрө акчасын Африкадагы ачка жүргөндөргө бергенде Алла ыраазы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: