super.kg logo

"Аяз атага кат" сынагынын жеңүүчүсү 11 жаштагы Айдана 10 миң сом менен сыйланды

 

Жаңы жыл майрамынын алдында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы балдар арасында "Кыргыз Республикасы үчүн мен эмне кыла алам?" темасында "Аяз атага кат" сынагын өткөргөн. Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөн. Бүгүн, 20-февралда аталган сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Бул тууралуу "Кыргыз почтасынан" билдиришти.

Сынактын негизги максаты - окуучуларды виртуалдуу дүйнөдөн алыстатып, патриоттук сезимдерин ойготуу, ойлорун жазуу түрүндө жеткирүүгө үйрөтүү, көңүлдөрүн мекенинин баалуулуктарына буруу жана алардын ар биринин идеялары жана сезимдери коомчулукка керек экенин сездирүү.

Сынакка өлкө боюнча 202 кат түшкөн. 1-орунду Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы Асанкул Акаев атындагы 6-класстын окуучусу Аманжолова Айдана алып, ага 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. 2-орунга Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Д.Иманов атындагы мектебинин 5-класстагы окуучусу Барсбек Керимкулов жана ушул эле облустун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын Ж.Алымбаев атындагы мектепте 6-класста окуган Айдай Асылбек кызы ээ болуп, экөөнө 4 миң сомдон берилди. Ал эми 3-орунду Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында окуган Нурдөөлөт Талантбек уулу менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Арал айылынын 5-классында окуган Айсалкын Абдылдаева тең бөлүшүп, 2500 сомдон сыйлык алышты.

Мындан сырткары, 1000 сомдук байге менен 4 катышуучу сыйланып, 45 катышуучуга 500 сомдон берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобунчо эле Ысык-Колдуктор утуп алышкан го? Молодцы, жердештер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: