super.kg logo

"Кытайдан эт азыктарын алып келүүгө убактылуу тыюу салынгандыктан өлкөбүздө мал кымбаттай баштады" дейт депутат

 

2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасы Кытайдан эт, сүт продукцияларын алып келүү боюнча убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 17-февралдагы жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери билдиришкен.

Алардын айтымында, бул тыюу Кытайдан келчү продукцияларды ЕАЭБ өлкөлөрү биргеликте текшергенге чейин созулмакчы. "Адистер текшерүүлөрдү жүргүзгөн соң, эт продукциялары Кытайдан ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолору же импорттолбой турганы чечилет", - дешкен адистер.

Депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей, эгер өкмөт эт азыктарын импорттоого бөгөт коюу боюнча маселени аягына чейин чыгара турган болсо, мунун Кыргыз экономикасына таасири сөзсүз тиет. "Анткени бизде өндүрүлгөн эттин, мал жандыгынын баасы көтөрүлөт. Бул ар бир дыйкандын үй-бүлөсүнө таасир этет. Аймактарда малдын баасы мурдакыга салыштырмалуу 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көтөрүлгөнү айтылууда", - деди депутат.

"Экинчиден, Кытайдан кандай эт бизге келип жатканына, анын сапатына көңүл буруу зарыл. Биздин лабораториялар эт азыктарына эмнелер кошулганын изилдеп отурганга толук камсыз кыла албайт. Эң негизги маселелердин бири - Кытайдын эти талаптарга жооп береби же жооп бербейби. Мисалы, өткөндө ветеринардык кызмат базарларда рейд жүргүзүп, Кытайдан келген эт сапатсыз экенин аныктаган болчу", - деп эскертти Бакиров.

"Үчүнчүдөн, малдын баасы көтөрүлгөн сайын биздин дыйкандар малдын санын көбөйткөнгө аракет кылат. Биз өзүбүздү эт менен 100 пайыз камсыз кыла албайбыз. Импорттон көз карандыбыз. Бирок "импортко көз карандыбыз" деп туруп сапатсыз этти сатып ала бербешибиз керек. Экспортко багытталган экономика болгонго аракет кылышыбыз керек", - деген оюн айтты депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
20.02.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2015-жылы малдарды:кой 4000-15000,уй 17000-65000,жылкы 21000-95000 сатылчу. 2016-жылдан баштап кой 2500-8000, уй 13500-53000, жылкы 15000-70000. Кандайча мал кымбаттады? Мал эмес продукты кымбаттады.
Realtilia түзөттү 2017-02-20 18:23:13
20.02.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Realtilia,малды 2017ж январдан баштар көтөрүлө баштады деп жазылып турат,мал базарга барсаң чындыгында баа өскөн.
20.02.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мал кымбаттаса элге жакшы болмокда элдин баары эле мал менен тричилик кылып атпайбы.
20.02.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантип Кыргызстан эт менен өзүн камсыздай албайт
20.02.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин малынын баасы которулсо жакшы болмок.
20.02.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мамлекет эт менен эн сонун камсыздайт озун, андан коро кытайдан келген сапатсыз этке богот койгула, акыркы учурда малдын баасы отоле томондоп кетти элге да жакшы болот, калктын басымдуу болугу мал менен жансакташат.
20.02.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишенсенер масквада эт . Биштен арзан аа. Продукт 2 эсе арзан
20.02.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кытайга тируу экспортогон эшектердин эти кайра бизге келип жатабы ошондо
21.02.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mal koboitush kk
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: