Белоруссиялык журналист убадасын аткарып, гезиттин барактарын жеп салды

Белоруссиялык журналист Вячеслав Федоренко убадасын аткарып гезиттин барактарын жеди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, журналист буга чейин Минсктин "Динамо" хоккей командасы "Гагарин" кубогунда алдыга озуп чыкса, гезиттин барактарын жейм" деп убада кылган. Жыйынтыгында Белоруссиянын "Динамо" камандасы Орусиянын "Нефтехимик" командасы менен кез келип, 2:1 эсебинде утуп финалдык беттешке жакындаган.
Мындан улам, маалымат борборлорунун биринде өзү иштеген редакциянын гезитинин барактарын майдалап кыркып, суюктукка аралаштырып жеген.
Журналист гезиттин барактарын жеп салды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ашказан озунуку,кааласа темир жесин!!!
Эээээээ