Бишкекте 4-майда катарда туруп ырдоо боюнча сынак өтөт
4-май
күнү Бишкек шаарындагы №99-кесиптик лицейде катарда туруп ырдоо сынагы
өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка
ылайык, аталган сынак 9-Май - Жеңиш күнүнүн 68 жылдыгына карата уюштурулууда. Иш-чарага
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын
катышуучулары, мэриянын өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин жетекчилиги,
Улуттук Гвардиянын өздүк курамы, Чүй облусунун чек ара отряды, шаардык ИИББдин жана
райондук администрациялардын өкүлдөрү катышат.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.