ЖЫЛНААМА, 21-ФЕВРАЛЬ: Эл аралык эне тил күнү
Бүгүн, 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. 2000-жылдан тарта белгиленип келет. Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби - 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан.
ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин эл аралык жылы деп жарыялаган.
21-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.