Чүй облустук ооруканасынын кызматкери "209 миң сомду мыйзамсыз пайдаланган" деп айыпталууда
Чүй облустук ооруканасынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкери 2011-2012-жылдары 2 адамды мыйзамсыз түрдө кызматка алып, аларга которулган айлык маянадан 209 миң сомду өз кызыкчылыгына пайдаланып жиберген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери атайын иликтөө ишин жүргүзүшүп, бул фактынын бетин ачышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.