ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында Насирдин Исанов атындагы көчөдө анын ысымы туура эмес жазылып турат



Ош шаарындагы "Юго-Восток" кичи районундагы Насирдин Исанов көчөсүндө алгачкы премьер-министрдин ысымы туура эмес жазылып турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ушул жазуу мени көптөн бери кыжаалат кылып жүрөт. Н.Исанов көчөсүнүн башталышындагы кабаттуу үйдөгү жазуу. Бул ар бир кыргыз үчүн уят. Кимге кайрылып, кантип оңдотушту да билбедим. Кыргыздын чыгаан инсандарына болгон кайдыгерлигибиз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






кантсе да Биринчи КЫРГЫЗЧА жазылышы керек Кыргызстанда журуп башка улутка башка тилде кайрылабыз эмне учун????
Улутумдун азабын тартам дагы,
Унуттук деп уялбай кантип айтпам.
Улуу тилди уялбай аркамдагы -дегендей эми оңдоп жазаар балким.