Хиджабдан баш тарткан чемпион кыз Ирандын улуттук командасынан чыгарылды
Ирандык шахматчы Дорса Дерахшани хиджабдан баш тартканы үчүн Гибралтардагы мелдештердин биринде Ирандын улуттук командасынан чыгарылды. 18 жаштагы шахматчы Испанияда окуйт, мелдешке өз алдынча катталган. Шахматчынын иниси Борна Дерахшанини да (сүрөттө) Израилдик атаандашы менен ойноого макул болгону үчүн улуттук курамдан чыгарылганы айтылууда.
Иран расмий түрдө Израилди мамлекет катары тааныбайт жана өз спортчуларынын Израилдин спортчулары менен ойношуна тыюу салат. Жаш спортчу кезектеги оюн партиясын өткөрүп жиберүүгө эч кандай шылтоо айтпай, атаандашына каршы ойноого чыккан.
Ирандын Шахмат федерациясынын президенти Мехрдад Пахлеванзаде адегенде жаш спортчулар Иранда жана Ирандын атынан мелдештерге катышуу укугунан ажыратылганын, аларда улуттук курамга кирүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
Дорса Дерахшани (сүрөттө) окуя тууралуу чет элдик ММКларга комментарий берген. "Мен Иранда жашабайм, эл аралык шахмат федерациясынын расмий мелдештеринде Ирандын атынан чыгуудан баш тартканыма 1 жылдан ашып калды. Ирандын каада-салттарын урматтайм, улуттук курамда ойноп жүргөндө салтты толук кармангам. Эми көйгөй жаратпоо үчүн эл аралык шахмат федерациясынын бардык мелдештеринен баш тартууну чечтим", - дейт Дерахшани.
Маалыматка таянсак, Дорса Дерахшани учурда Барселонада билим алууда. Европанын шартында, эркин жашоо образына ээ. Шахмат боюнча жаштар арасында дүйнөнүн 6 жолку чемпиону.



Сенин билдирүүлөрүңдү, орунсуз коюлган илеп белгилериңди көрсөм эле кыжырым келет. Айтчы ал кыздын эмнесинен үлгү алалы? Ачык кийингениненби, кыска кийгениненби?
Жапайчылык убакта кийингенди билишкен эмес, ачык чачык журушкон.
Ал эми мусулмандар учун эч кандай жапайычылык эмес!